Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 15.06.2015 18:26

Кыргызстандыктардын санына карата ооруканалар жетиштүү, бирок имараттардын көпчүлүгү эски абалда, - Саламаттыкты сактоо министри

Turmush -  Кыргызстандагы ооруканалардын көпчүлүгүнүн имараттары эски абалда болуп, оңдоп-түзөөгө муктаж.

Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Ош облусундагы Ноокат районуна болгон иш сапары учурунда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын маалыматына ылаык, өлкөдөгү оруканалардын басымдуусу СССР мезгилинде курулуп, учурда эскилиги жетти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Фото - А.Атамбаев Ноокаттагы райондук оорукананын авариялык абалдагы имараты менен таанышып, бейтаптар менен жолугушту

«Абалы оор ооруканалар дээрлик баардык райондордо бар. Анткени бул ооруканалар СССР мезгилинде курулган. Бул жайлардын көпчүлүгү оңдоп- түзөөгө муктаж. Өлкөдө калктын санын алып караганда оорукана жетиштүү. Бирок алардын бардыгы эскилиги жеткен.

Эски имараттарды оңдоп-түзөөнүн ордуна жаңы имарат салуу жагын карап чыгышыбыз керек. Каражат жетишсиз. Ага карабастан абалы эң оор ооруканаларды кезеги менен оңдоп чыгуу керек», - деди Т.Батыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×