Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 10.06.2015 10:09

Ноокаттын Кара-Таш айылында элеттик аялдардын экономикалык абалына көмөктөшкөн кондитердик цех ачылды (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагында 7-июнь күнү элеттик аялдардын экономикалык абалын жакшыртуу максатында аялдардын топтору түзүлүп, райондук Энелер коомдук фондунун жана демилгелүү ишкер айымдар коомдук фондунун көмөктөшүүсү менен «Тынчтык» кондитердик цехинин ачылуу аземи болуп өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ачылуу аземге Ош областынын Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Ноокат районунун ишкер лидер айымдары, ДИА коомдук фонду, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Чыгарылган продукцияларга мектеп, балдар бакчалары жана айылдык дүкөндөр келишим түзүшкөн. Мындан сырткары, 5 кыз келин жумуш менен камсыз болуу менен бирге финансылык көз карандысыздыкка жетишишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×