Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 04.06.2015 13:54

Ноокат районунун командасы волейбол боюнча республикалык мелдеште 2-орунга ээ болушту (фото)

Turmush -  Ноокат райондук балдардын спорт мектебинин директору Тыныбек Бекботоев жетектеген команда спорттун волейбол түрү боюнча республикалык мелдеште 2- орунду алды. Бул тууралуу спорт мектебинин директору Т.Бекботоев өзү билдирди.

Анын айтымында, республикалык сынак Бишкек шаарында болуп, ага 7 облус, 2 шаардан 9 команда катышып, Ош облусунун атынан Ноокат районунун спортчулары катышкан. Жыйынтыгында Ноокат району республикалык мелдеште 2- орунга ээ болушту.

Белгилей кетсек, Ноокат райондук балдардын спорт мектебинин командасы буга чейин Ош облусунда өткөн спартакиадада жалпы эсепте 1- орунду камсыз кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×