Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 28.05.2015 10:20

Айыл турмушу: Ноокаттык 65 жаштагы чебер кыздары менен улуттук буюмдарды, кийимдерди башка өлкөлөргө таанытууну максат кылууда (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунун тургуну Бүажар Казыканова 40 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет. Бүгүнкү күндө өзүнүн кыздары менен чеберчилик кылып, улуттук буюмдарды, кийимдерди башка өлкөлөргө таанытууну максат кылууда.

«Мен кыргыздын улуттук баш кийими болгон элечектин түштүктөгү варианттын элге алып чыгып жүрөм. Элечекти ороонун көптөгөн түрлөрү бар, колунда бар аялдар көп оромдуу элечекти кийишет, колунда жоктор аз оромдууларды оронуп жүрүшкөн. Мен 18 метрден кем орому бар элечекти жасабайм. Мага элечекти жасоого буюртма берип келишет. Унутта калып бара жаткан улуттук буюмдарды сактап калуу, ушул нерселерди элге жайылтуу үчүн болгон күч аракетимди жумшап жүрөм», - деди Б.Казыканова.

Бүажар Казыканова өнөрүн кыздарына, неберелерине чейин үйрөтүп койгон.

65 жаштагы чебер көптөгөн сыйлыктардын ээси. Учурда персоналдык пенсияда.

Ал бир гана элечек жасоо менен гана тим болбостон, кыргызга тиешелүү болгон  жүндөн жасалуучу буюмдарды жасайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×