Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 15.05.2015 09:27

Ноокаттын 20 жашка чейинки тургундары кызамык менен кызылчага каршы эмдөөгө чакырылат

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунда 12-майдан тарта кызамык оорусуна каршы эмдөө кампаниясы жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы дарыгери Саткын Токталиева билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, кампания 23-майга чейин уланат. Анда 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандар эмдөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине толугу менен эмдөө жүргүзүлөт.

Ал эми, аталган башкармалыктын кызматкери Райкан Маматалиев билдиргендей, 6121 мугалим, кесиптик окуу жайлардын 105 кызматкери, РИИБдин 110 кызматкери, 808 бакча кызматкерлери, 1500 медицина кызматкери, улуттук коомсуздук кызматынын 8 кызматкери болуп жалпы 8682 адам эмдөөдөн өтүшү керек болсо, бүгүнкү күнгө алардын 41,3%ы же 4100ү эмдөөдөн өткөн.

Ал эми 1 жаштан 20 жашка чейинки эмделе турган 102 миң 433 адамдын 27 миң 46сы башкача айтканда, 26,4%ы эмдөөдөн өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×