Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 08.05.2015 11:37

Ноокат районундагы Кашкалдак орто мектебинде А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата атайын музей уюштурду (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Кашкалдак орто мектеби Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына, А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата атайын музей уюштурду, деп билдирди мектеп директору Канайым Акматова кечээ, 7-майда ЖК депутаттары менен болгон жолугушууда.

Анын айтымында, музейге окуучулар тарабынан эл арасындагы чөйчөк, кумуралар, тыйын жана акчалар, баалуу табылгалар коюлган.

Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын бурчу уюштурулуп коюлган. Музейдин эстелик баракчасына ЖК депутаты Жылдызкан Жолдошова кол тамгасын калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×