Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 02.05.2015 14:49

Ноокатта өткөн улуттук күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө авто унаалар тапшырылды (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Сахабо эс алуу багында өткөрүлгөн улуттук күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, баш байгеге үч авто унаа коюлган.

Алсак, 70 кг салмактык категория боюнча Аксы районунун балбаны жеңишке жетип, байгеге жылкы тапшырылды.

Ал эми 80 кг салмактык категория боюнча Лейлек районунун балбаны жеңишке жетип, «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Ошондой эле, 90 кг салмактык категория боюнча жеңишке жеткен Баткен облусунун Ак-Суу айылынын балбанына авто унаа жана 90 кг жогорку салмак категория боюнча жеңишке жеткен Жалал-Абад облусунун Чыңгыз аттуу балбаны автоунаа алды.

Тема боюнча: Фото — Ноокатта баш байгеге үч авто унаа коюлган улуттук күрөш боюнча мелдеш өткөрүлүүдө

41

42

43

45

46

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×