Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 30.04.2015 09:47

Ноокатта күйүүчү майга болгон баа жогорулады

Turmush -  Ош облусунун Ноокат шаарында апрель айынын башынан ортосуна чейин А-80, А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2,6-3,1%га өскөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Түштүк региондор аралык соода, ишкердик жана көзөмөл сектору маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Ноокатта А-80 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы 32,5 сом болсо, 17-апрелде 33,5 сомго чыкты. Ал эми А-92 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы 38 сомдон 39 сомго көтөрүлдү. 1 литр дизель отунунун 17-апрелге карата баасы 36 сомду түздү.

Жалпы түштүк регион боюнча апрелдин башында А-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 33,5 сом болсо, 17-апрелде 33,1 сомду түздү, башкача айтканда, баа 1,2%га төмөндөгөн.

Ал эми А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 37,9 сомдон 37,2 сомго арзандаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×