Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 27.04.2015 19:05

Ноокатта бир жыл ичинде кутурмага каршы 346 жаран жардам сурап кайрылды

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунда бир жыл ичинде кутурмага каршы 346 жаран жардам сурап кайрылды.

Анын ичинен 199 адам 14 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон, деп билдирди райондук санэпиддик көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери аймактык кабарчыга.

2014-жылы ооруканага кайрылгандардын ичинен 319 адам эмдөөдөн өттү. Ал эми 27 адамга эмдөө белгиленген эмес. Ошондой эле сурамжылоо жүргүзгөндө 136 адам жолбун иттен, 109 үйлөрдө багылган иттерден жабыркаганын айтса, айрымдары келемиштен, эшектен, жылкылардан жана мышыктан жабыр тартканын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×