Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 08.04.2015 18:50

Ноокат райондук сотунун судьясы М.Исманов каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Turmush -  Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исмановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Президент Алмазбек Атамбаев 4-апрелде кол койгон Жарлыкта жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып келген Исманов Марс Молдоевич каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 18-февралынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун, деп айтылат.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×