Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 01.04.2015 12:38

Март айынын аягына карата Ноокат шаарында күйүүчү майлар менен дизель отунуна болгон баа төмөндөдү

Turmush -  Март айынын ортосунан баштап 27-мартка чейин Ош облусундагы Ноокат шаарында А-80, А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майлар жана дизель отунуна болго баа төмөндөгөндүгү байкалды.

Экономика министрлигинин Түштүк аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн убакытта А-80 үлгүсүндөгү бензин 34,5 сомдон 32,5 сомго, же 5,8%га төмөндөдү.

Ошондой эле, А-92 үлгүсүндөгү бензин мурунку баасы 41 сомдон 38 сомго түшүп, 7,3%га төмөндөдү.

Ноокаттын аймагында көрсөтүлгөн убакытта дизель отунунун 1 литрине болгон баа 36,5 сомдон 36 сомго түшүп, 1,4%га төмөндөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×