Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 25.03.2015 14:49

Ноокаттагы волейбол жана көк бөрү мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилди

Turmush -  Март революциясынын 10 жылдыгына карата Ош облусунун Ноокат районунда кечээ, 24-мартта ардагер спортчулардын ортосунда спорттун волейбол түрү жана жаштар арасында көк бөрү оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Ардагерлер ортосундагы волейбол мелдешине 35 жаштан жогорку курактагылардан 8 команда катышып, 1-орунду Т.Зулпуев, 2-орунду Кара-Таш жана 3-орунду Дооран командалары ээледи, деп билдирди райондук администрациянын басма сөз кызматы.

Ал эми жаштар арасындагы көк бөрү мелдешине 7 команда катышып, мелдеш Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Жаз-Токой участкасында болду. Анда 1-орунду Карагой, 2-орунду
Кыргыз-Ата, 3-орунду Кеңеш командалары ээлешти. Мелдештин жеңүүчүлөрү райондук дене тарбия жана спорт комитетинин акчалай сыйлыктарына жана дипломдоруна ээ болушту.

Жаштар ортосундагы кезектеги көк бөрү мелдеши 31-март күнү өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×