Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 23.03.2015 14:08

Ноокат районунда футбол ойноочу 2 спорттук аянтча курулду (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Ноокат шаарында жайгашкан Самиев атындагы орто мектебине газон төшөлгөн 2 футбол ойноочу спорттук аянтча курулду.

Маалыматка ылайык, спорттук аянчанын ачылуу аземине Жогорку Кенештин вице-спикери Т.Зулпукаров, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Айтиев, Ноокат шаарынын мэри Тургунбаев, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев, райондун имам хатиби Маматкасым ажы жана шаар тургундарынын катышышты.

Аталган спорттук аянтча 2014-жылдын октябрь айында жеке ишкерлер жана элдик салымдын негизинде курулушу башталып, 2015-жылдын март айына бүткөрүлдү.

Спорттук аянтчанын жалпы сметалык суммасы 2 млн 687 миң сомду түзөт. Узуну 43 метр, туурасы 23 метр болуп, шаар калкынын ден-соолугун чыңдоого, спортту өнүктүрүүгө дагы бир шарт түзүлдү.

73

72

71

70

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×