Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 17.03.2015 12:38

Ноокат районунда окуучулар ортосунда райондук финалдык мелдеш болуп өттү

Turmush -  Ноокат районунда мектеп окуучулары ортосунда райондук финалдык мелдеш болуп өттү, деп билдирет райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы.

Мектеп окуучуларынын ортосундагы мелдешке кыздар командалары боюнча 13, балдар боюнча 16 команда катышып, мелдеш райондук дене тарбия жана спорт комитетинин жана «Жаш күч» спорт клубунун спорт залдарында өткөрүлдү.

Кыздар ортосундагы мелдеште 1-орунду Бел, 2-орунду Көк-Бел, 3-орунду Н.Исанов командалары ээледи. Ал эми балдар ортосундагы мелдеште 1-орунду Үч-Бай, 2-орунду Бел, 3-орунду Кыргыз–Ата командалары ээледи. Мелдештин жеңүүчүлөрү диплом жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×