Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 10.03.2015 14:22

Ноокат районунда аялдардын майрамына карата камандалык спорттук мелдештер болду

Turmush -  Ноокат районунда аялдардын эл аралык 8-март майрам күнүнө карата спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешке 18-30 жаш курак боюнча 6 команда, ал эми 31 жаштан жогорку жаш курак боюнча 10 команда катышып, мелдеш райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук дене тарбия жана спорт комитетинин спорт залдарында өткөрүлдө.

Райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынтыгында 18-30 жаш курактагы камандалар арасынан 1-орунду Көк-бел, 2-орунду Кашкалдак, 3-орунду Н.Исанов камандалары ээлешти.

Ал эми 31 жаштан жогорку жаш курактагы камандалар арасынан 1-орунду Кыргыз-Ата, 2 орунду Көк-Жар, 3 орунду Бел камандалары ээледи.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана мыкты спортсмендер райондук дене тарбия жана спорт комитети тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×