Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 10.03.2015 12:23

Ноокат районунда 8 жыл ичинде 320 адам ВИЧ/СПИД оорусун жуктуруп алышкан

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда 2007-жылдан бери 320 адам ВИЧ/СПИД оорусун жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ош шаарында өтүп жаткан жыйында Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Марипов билдирди.

Анын айтымында, Ноокат районунда 8 жыл ичинде аталган илдетке чалдыккандардын саны өсүп кеткен.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын билдиришинче, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат райондорунда ВИЧ/СПИД менен ооругандардын саны өсүүдө.

Аларга дарыгерлер тарабынан жакшы көзөмөл болуу керектиги айтылды.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×