Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 27.02.2015 14:42

Ноокаттагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн 62,2 млн сомдук бюджети кайда жумшала тургандыгы белгилүү болду

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн ушул жылдагы бюджети 62 млн 274 миң сом менен бекитилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нурдин Мадимаров аймактык кабарчыга билдирди.

Бюджеттин 9 млн 132 миң сому жаңыдан курулуп жаткан Колдошов орто мектебинин курулушуна бөлүнгөн болсо, 11 млн сом жаңы бала бакчанын курулушуна жумшалат. Ошондой эле, сметалык баасы 10 млн сомдун тегерегиндеги акча каражатын түзгөн 2,5чакырым жол асфальтталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×