Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 24.02.2015 14:22

Ноокат шаарында 6 команданын ортосунда өткөн баскетбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат, Мирмахмудов, Гүлистан айыл өкмөттөрүнөн жана Ноокат шаарынан түзүлгөн 6 каманданын ортосунда 22-февраль күнү баскетбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Райадминистрациянын басма сөз кызматы маалымдагандай, мелдеш А.Наваи атындагы орто мектебинин спорт залында өткөрүлүп, биринчи орунду Мирмахмудов камандасы, экинчи орунду Гүлистан камандасы, үчүнчү орунду Жаңы–Ноокат камандасы ээледи.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана мыкты спортчулар райондук дене тарбия жана спорт комитети тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×