Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 18.02.2015 12:59

Ноокатта саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасын жана кадрдык потенциалынын деңгээлин жогорулатуу каралууда

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунун саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасын жана кадрдык потенциалынын деңгээлин жогорулатуу менен калкты сапаттуу медициналык жактан тейлөөгө жетишүү максатын талкуулаган конференция өткөрүлдү.

Райадминистрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ноокат аймактык ооруканасына Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 4,7 млн сом, республикалык бюджеттин эсебинен 460 миң сом бөлүнүп, оорукананын бардык бөлүмдөрүндө жылуулук жана суу түтүктөрү жаңыланган жана ысык суу менен камсыздоо үчүн аристондор орнотулган.

Ошондой эле, 2013-2014-жылдарда 9,8 млн сомдук жумшак жана катуу эмеректер алынды, деп айтылат маалыматта.

Ноокат аймактык ооруканасында сметалык баасы 38 млн сомдук 2 кабаттуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратына 2014-жылы республикалык бюджеттен 10 млн сом бөлүнүп, алгачкы жумуштар аткарылган. Ушул жылы бул имаратты куруу иштери жүргүзүлөт, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×