Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 05.02.2015 09:13

Ноокат районунда «Туруктуу үй-бүлө – жаркын келечек» аталышындагы театр-форуму өтөт

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында 9-февралда «Ноокат жаштар борбору»  тарабынан «Туруктуу үй-бүлө – жаркын келечек» аталышындагы театр-форуму өткөрүлөт. Уюштуруучулар билдиргендей, аталган иш-чарага Ноокат, Араван райондорундагы жаш үй-бүлөлөр катышат.

Анда кыздардын эрте турмушка чыгуусу, ажырашуулар сыяктуу терс көрүнүштөр чагылдырылып, талкууланат.

Уюштуруучулардын айтымында, жакынкы күндөрдө 10-11-класстар ортосунда гендердик маселелерге байланышкан иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×