Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 07.01.2015 16:27

Ноокат районунун Беш-Буркан айылында жаңы ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Беш-Буркан айылында ФАПтын ачылуу аземи болду, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге КР ЖК вице-спикери Т.Зулпукаров, Ноокат районунун акими Б.Айтиев, райондук «МЕДИГОС» үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору А. Матисаков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев, айыл аксакалдары катышты.

Башкы дарыгер Абдимитал Матисаковдун айтымында, пайдаланууга берилип жаткан ФАП Швецариялык кызыл крест уюму, Ак- Сай цемент заводунун, «МЕДИГОС» ҮБДнын колдоосу менен бүтүп, 2 миң 500 адамды тейлөө үчүн пайдаланууга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×