Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуНоокат району 27.05.2019 15:45

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы кийинки жылдын аягына чейин гана иштейт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 27-май күнү Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланды, деп билдирди аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Мухамадали Хайдаралиев.

Анын айтымында, мурдагы айыл өкмөт башчысы Ярмамат Юлчиев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен.

«Бүгүн 31 жаштагы Надыр Орозалиев айыл өкмөт башчылыгына шайланды. Ага жергиликтүү кеңештеги 31 депутаттын ичинен 26 депутат добуш беришкен.

Айыл өкмөт башчысы 4 жылга шайланат, бирок жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы 2020-жылдын декабрь айына чейин гана иштейт. Себеби парламенттик шайлоодон кийин аймактык кеңештерге кайрадан шайлоо болот. Надыр Орозалиев буга чейин айыл өкмөттө ага салыкчы болуп иштеп келген», - деди Мухамадали Хайдаралиев.

Я.Юлчиев 2017-жылдын 27-январында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
400 Bad Request

Bad Request

Your browser sent a request that this server could not understand.

×